Билим берүү жана илим министринин 2021-2023-жылдарга өнүктүрүү программасынын бет ачары болду

Бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаарында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин 2021-2023-жылдарга программасынын бет ачары болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги жана министрлик менен тыгыз кызматташып келаткан өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

"Биздин жашообуз эми эч качан мурдагыдай болбойт. Ошондуктан биз бир нече өсүү чекитине карай кадам жасоого аракет кылып көрүү үчүн жакынкы үч жылга карата практикалык аракеттерибиз концентрацияланган программаны иштеп чыктык", - деди министр.

"Бул программа билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө жана аларды жаңы сапаттык абалга өткөрүүгө, мугалимдин статусун жогорулатууга, билим берүү көйгөйлөрүнө коомчулукту тартууга өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча министрдин ишмердүүлүгүнүн максаттарын жана негизги багыттарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

Программанын негизги максаттары:

- Ар бир билим алуучунун социалдык ийгиликке жетишүүсү үчүн инсанды креативдүү өнүктүрүүгө багытталган инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү;

- Педагогикалык кызматкерлерди кесиптик жана инсандык жактан өстүрүү системасын оптималдаштыруу;

- Билим берүүнүн сапатын жана билим алууга болгон шыкты арттыруу;

- Кыргыз жаранынын руханий-адеп-ахлактык, социалдык жактан адаптацияланган жана кесипке багыт алган инсандыгын калыптандыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан