Лондондо Британиянын кино жана телевидение искусствосунун 74-сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, салтанат Падышалык Альберт Холлдо өттү. Алып баруучулар талапкерлер менен видео аркылуу байланышты. "Көчмөндөрдүн жери" төрт номинацияны жеңип алды, алардын арасында "Эң мыкты тасма" дагы бар. Режиссёр Хлоя Чжао жана актриса Фрэнсис Мак Дорманд "Мыкты режиссёр жана аялдын мыкты ролу", ал эми Жошуа Жеймс Ричардс - "Мыкты оператордук иш" наамдарына ээ болушту.
Томас Винтербергдин "Жан" мультфильми "Мыкты анимациялык фильм" наамына татыды. Ошондой эле аталган мультфильм эң мыкты жазылган саундтрек үчүн да сыйлык алды.
Аталган аземге ханзаада Уильямдын катышуусу күтүлүп жаткан. Тилекке каршы, Эдинбург герцогу, ханзаада Филипп каза болгондугуна байланыштуу катышкан эмес.