Орозонун руханий жана физикалык пайдалары

Айлардын султаны болгон ыйык Орозо айы дагы кирип келди. Бүгүн түнү ооз бекитилип, орозо тутулат.

* Орозонун руханий пайдасы

Орозо себептүү кулк-мүнөз оңолуп, руханий күч-кубат пайда болот. Жүрөк, кала берсе мээбиз да нурга толот. Ачкачылыктын, суусагандын кыйынчылыгына сабыр кылуу күнөөлөрдүн жуулушуна себеп болот. Ошентип отуруп адам баласы бардык сыпаттарга ээ болгон чыныгы инсанга айланат. Орозо аркылуу мүнөз жумшарат. Ачка жүргөндөрдүн кыйынчылыктарын сезип, кыйналып жүргөндөргө жардам берүүнү көздөп калат.

* Орозонун физикалык пайдасы

Эгерде физикалык жактан карап көрсөк орозо бул зиректикти, зээндүүлүктү пайда кылат. Сабырдуу болууну, шүгүр кылууну үйрөтөт. Ошондой эле бири экинчисине камкордук кылып, жардам берүүнү пайда кылууга эң жакшы себеп экендиги да бизге маалым. Орозонун касиетин таң калып, бардык тартиптерине көңүл коюп, ыкластуулук менен кармай турган болсо, сараңдык, ач көздүк жана ушулар сымал ар кандай начар сыпаттардан арылып, жакшы сыпаттар менен оролот.

* Эми медицина жактан карай турган болсок

Дарыгерлердин айтуусу боюнча, Орозо бул физикалык күч-кубат топтоого эң жакшы себеп болот. Он бир ай бою ашказанда чогулуп калган ыплас нерселердин бардыгы бир айлык орозо себептүү жоголуп, ашказан тазаланат. Ден соолук чыңдалып, күч-кубат пайда болот.

* Коронавируска каршы эмдөө алуу орозону бузабы?

Коронавируска каршы эмдөө кадимки эле укол сыяктуу болгондуктан орозону бузбайт.

* Битир садакка

2021-жылы ар бир адамдан битир-садаканын өлчөмү - 1 килограмм 600 грамм буудай (40 сом), 1 килограмм 600 грамм мейиз (640 сом), 1 килограмм 600 грамм ун (56 сом), 3 килограмм 200 грамм арпа (64 сом), 3 килограмм 200 грамм курма (512 сом).

Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бул азык-түлүктөрдүн баалары туруктуу эмес, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садаканы бул азыктардын баасындай акчалай нарк менен берсе болот.

Орозонун календарын шилтеме аркылуу кирип көрө аласыз.

Эске салсак, былтыр Орозо айы 24-апрелде башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан