"Үйдө жалгыз" кинокомедиясында Кевиндин ролу аркылуу атактуулукту багындырган америкалык актёр Маколей Калкин ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актёр Маколей Калкин сүйүктүүсү Бренда Сонг экөө 5-апрель күнү уулдуу болушкан. Уулуна актёр 2008-жылы жол кырсыгынан каза болгон эжесинин ысымын ыйгарган.