Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-апрелде саат 23:14 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында болгон. Анда Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Натыйжада 19, 20 жаштардагы 3 жигит каза болгон. Ал эми 21 жаштагы дагы үч жигит жабыркаган.
Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Түп райондук ооруканасына "Тез жардам" аркылуу жеткирилген.