Окумуштуулар кызыл өңгөч рагы ысык чайды көп ичүүдөн келип чыга турганын аныкташты. Бул тууралуу "РИА Новости" түркиялык басылмага шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, муну аныктоо үчүн адистер бир нече жыл бою 500 миң кишиге байкоо жүргүзүшкөн. Андагы изилдөө температурасы 65 градустан жогору болгон чайды дайыма ичүү кызыл өңгөч рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатканын көрсөткөн.
Гастроэнтерология жаатындагы адис, профессор Ведат Жерал бул рак дүйнөдөгү өлүмдүн он негизги себептеринин бири экендигин белгилеген.
"Изилдөөлөргө ылайык, Түркиянын чыгышында, Кытайда, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда чай жана ысык суусундуктарды көп колдонгондон улам кызыл өңгөч рагы көп байкалат.
Эгерде тамеки чеккен адам ысык чайды көп ичсе, анда ракка чалдыгуу коркунучу эки эсеге көбөйөт, эгер ал спирт ичимдигин ичсе, анда беш эсе көп болот", - деген Жерал.
Дарыгер чай чыныны колго алууга болбой турганчалык ысык болсо, суусундукту ичпөөгө кеңеш берет. Ал чайды өтө ысык жутпай, үч-төрт мүнөт күтүп, бир аз муздаган соң ичүү зыянга жеткирбей турганын айткан.
Муздак суу менен өтө ысык суу ичүү дагы кооптуу. Дарыгердин айтымында, мындан улам кызыл өңгөчтө жаралар пайда болуп, рактын пайда болушуна өбөлгө түзүлөт.
Ал кошумчалагандай, бул оорунун негизги белгиси - бул жутуунун начарлашы. Мындай учурда бейтап дароо дарыгерге кайрылганы оң.