Дүйнөдөгү эң бийик мунара Дубайдагы Бурж-Халифа имаратынын маңдайына космоско адамдын биринчи учушунун 60 жылдыгына карата советтик космонавт Юрий Гагариндин сүрөтү чагылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акция болжол менен үч мүнөткө созулган.
Орусиянын Дубайдагы Башкы консулу Олег Фомин Бириккен Араб Эмираттарынын космос агенттигине ыраазычылыгын билдирип, акция тууралуу комментарий берген. "Дүйнөдө биздин белгилүү космонавттын ысымын билбеген бир дагы өлкө жок. Бириккен Араб Эмираттарынын космос агенттиги Орусия тараптын космоско адам учкандыгынын биринчи 60 жылдык мааракесин ушундай сонун жана оригиналдуу формада чагылдыруу демилгесин колдогону бизди абдан кубандырат", - деген ал.