Анжелина Жоли менен Брэд Питтин кызы өзгөрдү. Эми ал эркек болууну каалабайт (сүрөт, видео)

Анжелина Жоли менен Брэд Питтин буга чейин жынысын алмаштырууну каалаган кызы Шайло Нувель мурункудан такыр башкача болуп, табигый тартипке баш ийип баштаганын чагылдырган видео, сүрөттөр интернет беттерине жайыла баштады. Кыз чачын өстүрүп, кулагына сөйкө тагып, кыздардын көйнөгүн кийип назик болуп баштаган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Башында 14 жаштагы Шайло соода кылып жаткан жеринен папараццичилердин көзүнө чалдыккан. Таланттуу актёрлордун кызы соода борборуна кара толстовка жана чолок шым кийип, узун, ичке буттарын ачыкка чыгарды. Жаш кыз анда стилдүү булгаары рюкзак жана спорттук кроссовка кийип алган.
Көрөрмандарды өспүрүмдүн образы таң калтырган.

Шайло 4 жашынан баштап аны эркек бала деп эсептөөнү жакындарынан суранган жана узак убакыт бою эркек болуп көрүнгөнгө жардам берген гормоналдык дары ичкен. Ал кыска чачтуу, эркек балдардын кийимдерин кийип, Жон деп атоону талап кылган.

Маалым болгондой, Жоли менен Питтин кызы 16 жашында жынысын алмаштыруу операциясын жасатмак.
Комментарийлерде колдонуучулар кыз барган сайын өз энесине окшош болуп баратканын кубануу менен белгилеп жатышат.

Анда интернет колдонуучулары "кандай сымбаттуу", "узун, сулуу буттар", "сымбаттуу жана сулуу" деген жагымдуу билдирүүлөрдү жазып калтырышкан. Социалдык тармактарга жазылган мындай билдирүүлөр миңдеп саналат. Маалымат булактарына жазылгандай, эми кыз эркек болууну такыр каалабайт.


Жоли менен Питтин никеси 2019-жылы 14 жылдык мамиледен кийин бузулган. Белгилүү түгөйлөр дагы деле балдарды камкордукка алуу үчүн соттошуп жатышат. Эске салсак, актёрлордун алты баласы бар, алардын ичинен үчөө Анжелина менен Брэддин биологиялык балдары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан