"Бийиктиги 43 метр". Бразилияда Христостун жаңы айкели курулуп жатат

Бразилиянын Энкантадо шаарында курулуп жаткан Христостун жаңы айкели Рио-де-Жанейродогу белгилүү Иса куткаруучунун айкелинен узунураак болот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, айкелдин бийиктиги 43 метрди түзгөн. Ошону менен Индонезиядагы (52.55 метр) жана Польшадагы (52.5 метр) эстеликтерден кийинки, дүйнөдөгү 3-бийик Иса пайгамбардын айкели болмокчу. Айкелдин ичинде туристтер үчүн 40 метр бийиктиктеги байкоочу палубага алып бара турган лифт бар.

Апрелдин башында айкелге колдору жана баштары бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-04-13 13:43:41
Бизге Манас Атабыздын айкелин кобуроок орнотуш керек. Манас Атабыздын айкели жана анын элеси - кыргызстандыктарды бириктирүүчү курал. Манас кыргыз элинин башын маданий жана саясий жактан бириктируучу баатыр. Элдерди бириктирүүнүн куралы - бул маданият. Маданиятсыз саясат адамдарды бөлүп-жарууга гана алып келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан