Беделдүү "Оскар" кино сыйлыгын тапшыруу аземин актёр Брэд Питт жана актриса Зендая алып барышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын Инстаграм баракчасында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземине Холли Берри, Хоакин Феникс, Лора Дерн, Рене Зеллвегер, Риз Уизерспун, Харрисон Форд дагы катышат. Алар сыйлыктын лауреаттарына алтын статуэткаларды тапшырышат.
2021-жылы сыйлык тапшыруу аземи салттуу түрдө өткөрүлөт. 26-апрелге караган түнү бардык номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары белгилүү болот. Иш-чаранын катышуучулары COVID-19га карата текшерүүлөрдөн өтүп турушат.