Баткенде 22 жаштагы келин дайынсыз болуп изделүүдө

Баткен облусунун Базар-Башы кварталынын 1999-жылы туулган Закир кызы Айхан аттуу тургуну дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрель күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Закир кызы Айхан Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, ак жүздүү, кашы-көзү кара.

Кийген кийимдери: үстүнө күрөң түстөгү көйнөк, астында күрөң түстөгү көйнөктүн шымы, башында ак түстөгү жоолук.

Сүрөттөгү келинди таанып, билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот: 102; 03622 5-17-56; 0709 736 637; 0774 778 688

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ozgocho111
2021-04-13 12:30:44
Тообо, кундо бирден жоголду деген жанылык окуп жатабыз..
+3
Samash-87
2021-04-13 12:34:26
Откондогу Айзаданын окуюсынан кийин, кыз келиндер кундо эле жоголуп ,кайра эле табылып калып жатышат го негедир. Бул дагы болсо милициялардын шоусу эмеспи деген ой келди да. Эгер чындап жоголуп табылып жатса жакшы
+2
zam81
2021-04-13 12:51:08
Кийинки жоголгондор каведен табылып жатабы
0
AruuKasi
2021-04-13 13:09:55
Кыз келиндер бир аз акылынарга келгилечи дайынсыз себепсиз жок болуп кетпей олуп калсанар бир жон, кафеде журосунор куйоого тийип кетесинер кантип болсун ушундай силер келечекти урпакты тарбиялоочусунар.
+6
VENOM
2021-04-13 13:38:07
Байкуш сериалындагы кызга окшош экен
0
Rachki
2021-04-13 13:44:31
Жоголуп кетүүнү мода кылып алышканго кээ бир кыздар, үйүндөгүлөр менен урушуп калса эле, дайынсыз кетишет, 5 6 күндөн кийин табылат анан кафеде иштеп жүргөн жеринен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан