Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагына бошотулду. Маалыматты SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, соттун 2021-жылдын 1-апрелиндеги токтомуна ылайык, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Эске салсак, Курманбек Дыйканбаев былтыр 24-ноябрда 320-берене менен ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмышка шектелип кармалган.
Ал октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылган.
Курманбек Дыйканбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясы менен катышкан. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын февраль айында дайындалган.