Балдар үйүндө өскөн Элиза: "Балким, ата-энем болсо башкача кыз болмокмун"

Бул жолу SUPER.KG порталына балдар үйүндөгү жашоону, андагы өткөн балалыкты Элиза Таалайбек кызы айтып берди. Ал балдар үйүнө 7 жашында барып, 19 жашка чейин тарбияланган. Ал мугалимдик кесиптин ээси. Маектешим кандай гана оор кыйынчылык болбосун адамдар алдыга умтулганын токтотпошу керек дейт. Анда сиздерге биздин маекти сунуштайбыз.

- Элиза, саламатсыңбы? Бизге балдар үйү деген кандай жер экенин айтып берчи?

- Балдар үйү - бул ата-энеси жок жер. Экинчиси, бул жактан башкача сезесиң, жаман дагы, жакшы дагы ойлор болот. Каякка, кандай жерге туш келдим деп ойлойсуң. Мени 7 жашымда кошуна апа алып келген. Мени конокко барабыз деп алдап алып келишкен. Мен конок деп сүйүнгөм, бирок балдар үйүнө туш болдум. Биринчи күнү ыйлагам. Башында 3 бала болчубуз. Андан кийин балдар дагы көбөйүп, жашоо кыйындап баштады. Мен мектепке ошол балдар үйүндө бардым. 9-классты аяктагандан кийин колледжге мугалим кесибине тапшырдым.

Мен 6-класс болгондо балдар үйүндөгү кыздардын эң улуусу болдум. Аларга эжелик кыла баштадым. Аларды эркелетип, кеңештеримди айта баштадым. Ал жактагы балдар бири-бирибизге жакын болуп, жардамдашып жүрүп чоңойдук. Аларды эркелетип, кээде алар жакшы көргөн тамактарды жасап берчүмүн.

- Сенин түшүнүгүңдө ата-эне деген ким?

- Ата-эне ыйык нерсе, ал деген ар бирибизде боло бербейт. Айрыкча эненин жогу жаман. Тилекке каршы, мен апамдын сүтүн эмип, тарбиясын ала алган жокмун. Ким билет алар болсо, балким, бир башкача кыз болмокмун. Апам мен он айымда каза болгон. Атамды билбейм. 3 бир тууганмын. Алар өз жашоосу менен өзү. Мен он ай кезимде апамдан калып, 7 жыл таякемдин колунда өсүп, андан кийин балдар үйүнө келдим.

- Балдар үйүнөн сезим, көңүлдү, ата-эне бергендей тарбияны ала албасаң деле керек?

- Ата-эне берген тарбияга жетпейт, ал бир башкача нерсе. Эки бөлөк. Бизге тарбиячылар болгон аракетин кылып, тарбиясын берет. Бирок бул толук тарбия деп эсептелбейт. Ал жакта сезимдер, көңүл жетишпейт.

- Өлкөдөгү балдар үйлөрүндө 18ге чыккан өспүрүмдөр уядан учат. Ошол күн жакын калганда силерде кандай сезимдер болот?

- 19 жашымда окуумду бүтүп, балдар үйүнөн чыктым. Ошол убакта биздин балдар үйүнүн директоруна Токмок шаарынын мэри байланышка чыгып, эки баланы өзү багып аларын айтыптыр. Биз абдан көңүлдөндүк. Бирок ал кызматтан кетип, мени алып кете алган жок.

Андан кийин Бишкекте бир лицейге окууга кирдим. Бирок мен мурда колледжде окугандыктан алар мени алышкан жок. Контракт төлөө жагын сунуш кылышты, бирок төлөй албастыгымды айтып, баш тарттым. Андан кийин Бишкектеги дагы бир фондго келип ошол жакта жашап жатам. Ал жакта дагы балдар, кыздар бар. Эми ал жактан дагы бир айдан кийин кетебиз.

- Биздин мамлекет балдар үйүнө канчалык камкордук кылат?

- Бизде эч кандай депутаттар, министрлер жардам беришпейт. Бизге көңүл деле бурулбайт. Өзүбүз менен өзүбүз болобуз. Башкысы өзүбүзгө ишенип аракет кылып келе жатабыз.

Элиза маңдай тери менен акча таап, бул жашоодогу максаттарын ишке ашырам деген кыздардын бири. Бирок анын көптөгөн кыял тилектерине аны колдогон, жардамын берген адамдардын жоктугу кээде жолтоо болорун айтат. Мындан улам ал ага туруктуу иш берем деген жарандар болсо кайрылуусун өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kubat77
2021-04-13 18:57:15
Келечегин алдыда элиза сен кучтуу бол.
+11
NURSAPAR
2021-04-13 19:10:15
Кудай күч кубат берсин. Маңдайың ачык, бешенең жарык болсун садага.
+10
Aiymkan89
2021-04-13 19:17:04
Номерин кантип алабыз
+5
Gulina90
2021-04-14 15:21:22
Акчасын чачкан ырчы,ар өлкөдө ойноп жүргөн байлар орозонун күнүндө ушундай уул-кыздарга кол сунгула,акыретте сообу көп болот.Менде болсо жашоосуна жардамдашмакмын.
+3
Akyl78.1501
2021-04-14 18:41:20
Кел Москвага өзүм сага жумуш таап жардам беремин карындашым кылып алам или аялымдын сиңдиси балдызым болосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан