Ош шаардык жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттиги тарабынан маршруттук каттамдардын ишин текшерүү жүрүп жатат. Текшерүүдө эртең менен жумушка өз убагында чыкпай, кечкисин ишин эрте токтотуп койгон айдоочуларга чара көрүлүп, одоно тартип бузган айдоочулар каттамдан чыгарылууда. Рейддин жүрүшүндө айрым айдоочуларга эскертүүлөр берилгенин аталган агенттиктен билдиришти.