Жалал-Абадда курорттук зонада жылкыларын жайып жүргөн адам изделүүдө

Жалал-Абад курортунун аймагында жылкыларын жайып жүргөн адам изделүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад курортунун аймагында үйүрү менен жайылып жүргөн жылкылардын ээси изделүүдө. Жылкылар мисте токоюн аралап, бак-дарактарга зыян келтирген. Ал тургай унаа жүрүүчү жолго чейин чыгып, каттамга да ыңгайсыздык жаратышкан.
"Курортту жайыт катары пайдаланып, жылкыларын кароосуз калтырган ээсине 3 миң сомдон 7 жарым миң сомго чейин айып пул салынат. Учурда бул боюнча милицияга кайрылуу түштү. Андан тышкары жаз мезгилинде куроротко эс алууга чыккан жарандарды аяр мамиле кылууга чакырабыз. Айлана-чөйрөнү таза кармап, эс алуудан соң таштандыларды, буюмдарды ала кетиңиздер", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alym21
2021-04-14 05:15:16
Жылкыларын камап салгыла,штраф стоянкага машинени камагандай)))ээси озу издеп келет.
+5
Kudi
2021-04-14 05:21:06
alym21,камабаса күндө келип карап кетип ататда
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан