Мурунку депутат Өмүрбек Текебаев мамлекеттен компенсация талап кылбайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде маалымат каражат өкүлдөрүнө комментарий берип жаткан учурда билдирди.
Айтымында, азыр өкмөттө акча тартыш болуп тургандыктан, ал ушул чечимге келген.
"Материалдык доонун баары өкмөткө коюлат. Мына 4 жыл түрмөдө отурдук. Менин эсебим боюнча 4 миллондой акча болот. Бирок мен андан баш тартам, анткени доогер өкмөт. Моралдык компенсация же айлыкты көтөрсөк, өкмөт төлөп берет.
Бирок азыр финансылык кризис болуп турганда, өкмөткө акча жетпей турганда мен компенсация сураганым туура эмес болот. Ошондуктан андан баш тартам", - деди Текебаев.