Буга чейин Бишкекте балдар аянтчасынан табылган баланын апасы табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1999-жылы туулган М.С. аттуу келин байланышка чыгып, баланын апасы экендигин билдирген. Аталган жаран милиция бөлүмүнө чакырылып, ал баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн.
"Сүйлөшүү учурунда ал Чүй облусунун аймагында жашаарын, 12-апрель күнү 3-кичи районунда жайгашкан туугандарыныкына келишкенин айтып берген. Андан соң алар тууганыныкынан чыгып кетип бара жатканда кызы өзүн жаман сезип баштаганын айткан. Буга байланыштуу баласын ушул жерде туруп тур деп калтырып кеткен. Алар аталган аймакты жакшы билбегенине байланыштуу багытын жоготуп жибергенин айткан. Учурда ал келин Октябрь районунун акимчилигинде, ага тийиштүү кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин алар балдар үйүнө жиберилет", - деп билдиришти райондук милициядан.
Мындан сырткары териштирүү иштеринде такталгандай, 12-апрелде болжол менен саат 15:00дөр чамасында келин социалдык кызматкерлерге барып, акча каражатынын жетишсиздигинен улам баласын таштоону билдирген. Ага жооп катары социалдык кызматкерлер Октябрь РИИБине кайрылууну билдиришкен.
"Белгилей кетүүчү жагдай, баланы алып кетүү үчүн апасы мыйзамдарда белгиленген бир катар документтерди бериши керек", - деп билдиришти Октябрь райондук милициясынан.