Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алабы? Саясатчынын жообу (видео)

Бүгүн, 13-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевди актады. Сот имаратынан чыккан Текебаевге журналисттер суроо узатышты. Анда маалымат каражат өкүлдөрүнө Текебаевдин ажырап калган депутаттык мандатын кайтарып алуу боюнча пикири кызык болду.
Саясатчы бул кеңешилип чечиле турган маселе экенин билдирди.

"Саясий реабилитация ал башка маселе. Ал жерде материалдык маселелер каралган эмес. Аны биз кеңешип чечим кабыл алабыз. Өзүңөр уккандай, ал үчүн да өзүнчө сотко кайрылыш керек экен.

Ал эми саясий турмушка кадимкидей эле активдүү аралашам. Мен 62 жаштамын, азыр чарчап турганым менен жарандык позициям активдүү бойдон", - деди Текебаев.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин депутаттык кызматын кайтарып алган саясатчы Өмүрбек Текебаев кайрадан мандатынан ажыраган. Жогорку Сот 3-мартта Текебаевдин депутаттык мандатынын кайра берилишине байланыштуу ишти карап, Бишкектин Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырган.

Анда чечим акыркы жана даттанууга жатпай турганы маалымдалган. Буга чейин жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге мандат одоно мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизди жүйө келтирип, сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан