Биз социалдык тармакта

Өмүрбек Текебаев: "Садыр Жапаровдун сот иштерине аралашпаганы билинип турат"

Бүгүн 13-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралып, алар акталды.
Отурумдан кийин Текебаев журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берди.

Прокурорлордун айыптоону колдобой коюшун алардын өз алдынча чыгарган чечими деп ойлойсузбу? деген SUPER.KG'нин суроосуна ал чечимди бүтүндөй Башкы прокуратуранын позициясы катары баалай турганын айтты.
"Бул чечим 3 прокурордун гана эмес, жалпы Башкы прокуратуранын позициясы деп билем. Бийлик тууралуу айта турган болсом, бийлик дегенде мен Садыр Жапаров жөнүндө айткым келет.
Садыр Жапаров менен декабрда эл алдында абдан катуу айтышканбыз. Ошондо да ушул иш боюнча бир топ сөздөр айтылып кеткен. Ал бирөөдөн уккан сөздөрүн айткан. Эгерде Садыр Жапаровдун мага карата жаман ою болсо, бүгүн сот башкача чечим чыгармак. Бул Жапаровдун бул ишке аралашпагандыгынын, жеке мамилелерине саясий көз карашынын таасири тийбей тургандыгынын далили деп билем. Анын аралашпагандыгынын өзү чоң саясат, чоң фактор. Мен биздин ишке гана эмес, башка учурларда да президент сот ишине кийлигишпесе, мындай талаш-тартыштардан өйдө турса деп ойлойм", - деди Текебаев.
Окуянын чоо-жайы:
2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.
29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин депутаттык кызматын кайтарып алган саясатчы Өмүрбек Текебаев кайрадан мандатынан ажыраган. Жогорку Сот 3-мартта Текебаевдин депутаттык мандатынын кайра берилишине байланыштуу ишти карап, Бишкектин Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырган.

Өмүрбек Текебаев: "Садыр Жапаровдун мага карата жаман ою болсо бүгүн сот башкача чечим чыгармак"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2021-04-13 18:32:09
Охоо ото хитрыйсын да.
+5
Omyke
2021-04-13 22:17:07
Ото Сыйлуу политик
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан