Белгилей кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору аркылуу кытайлык өндүрүүчү "Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd" компаниясынын инактивацияланган Синофарм вакцинасы 150 миң дозада алынган. Эмдөө 25-28 күндүн аралыгында эки жолу жүргүзүлөт. Бул вакцина менен эмдөөдөн кийин терс таасирлер байкалган жок.

Эмдөө төмөнкү этабдар менен жүргүзүлөт:

* Эмдөөнүн алгачкы этабында жогорку тобокелчиликтеги зонада турган калктын тобу: 65 жаштан улуу улгайган адамдар, медицина кызматкерлери, жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдору жана персоналы, аскер кызматчылары жана башкалар;

* Экинчи этапта өнөкөт оору менен ооруган жарандар;
* Үчүнчү этапта, калктын социалдык аялуу катмарына жана кошумча каалоочуларга эмдөө жүргүзүлөт.

Борбордо эмдөө бөлмөлөрү төрт райондун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборуна, Ленин районунун №2 Үй-бүлөлүк медицина борборуна жана Биринчи Май районунун №7 Үй-бүлөлүк медицина борборуна жайгаштырылды. Эмдөөдөн кийин бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган.

Эмдөөдөн мурун маалыматтык макулдук баракчасы толтурулуп, дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп, вакцина жана анын терс таасирлери жөнүндө маалымат берилет, ошондой эле ар бир жаранга вакцинанын убактысы жана дозасы жөнүндө маалыматты камтыган эскерүү жана кийинки эмдөөнүн датасы белгиленген карточка берилет.