"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус аныкталган адамдардын саны 36 миллиондон ашты

Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 8-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 36 миллион 68 миң 991 болду. Анын ичинен 25 миллион 124 миң 87 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 54 миң 537 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 546 миң 488 адамдан коронавирус аныкталды. 211 миң 725 адам каза болсо, 2 миллион 999 миң 895 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 757 миң 131 адамдан аныкталды. 104 миң 555 адам каза болсо, 5 миллион 744 миң 693 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 694 адам вируска кабылган. 148 миң 228 бейтап көз жумса, 4 миллион 446 миң 981 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан