Бишкек шаарында жалпы 25 жарандан коронавирус аныкталды

Бишкек шаарында жалпы 25 адам коронавирус менен ооруп жатат. Бул тууралуу шаардын мэри Азиз Суракматов маалымат жыйында билдирди.

"Бишкек шаарында 25 жарандан коронавирус аныкталды. Алар биринчи категорияга кирген 60 жаран менен жана экинчи категориядагы 204 адам менен байланышта болгон. Вируска кабылгандардын бири такси кызматынын айдоочусу, ал үй-бүлөсүндөгү 6 адамга вирус жуктурган.

Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин кошо ооруткан.

Экинчи учур башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган.

Бүгүнкү күндө 1 миң 500 жаран катталып, алардан анализ алынды. Дагы бир жолку текшерүүдөн кийин анализдери таза чыкса каттоодон алынат", - деди шаар мэри.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан