Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный өзү отурган колонияны Куран китеби үчүн сотко берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
"Ким ойлоптур, өзүм отурган колонияны Куран китеби үчүн сотко берем деп. Ооба Куран үчүн, дарыгерди киргизбегени үчүн эмес, мени кармоо шарттары үчүн эмес, мусулмандардын эң ыйык китеби болгон Куран үчүн. Иштин баары алар мага Куран китебимди бербей жаткандыгында", - деп жазган Навальный.