Кытайдын Ганьсу провинциясынын Дуньхуан шаарынан алыс эмес жерге төөлөр үчүн жол чырак орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Дуньхуан шаары - оазис, чөлдүү аймакта жайгашкан чакан шаар. Ошондой эле Улуу Жибек Жолу аркылуу Кытайга кирүүчү дарбаза болуп кызмат кылган жана Кытайдагы Буддизмдин бешиги деп эсептелет.
Ал жакта жайгашкан Минша тоосуна, Могао үңкүрлөрүнө жана Айдын көлүнө баруу туристтер арасында өзгөчө популярдуулукка ээ болду. Ошондой эле ал жакка барган коноктор арасында төө менен саякаттоо да чоң суроо-талапка ээ", - деп жазылат маалыматта.