Бокстун легендасы, оор салмак боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону 58 жаштагы Эвандер Холифилд рингге кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, оор салмак категориясында бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд Кевин Макбрайдга каршы көргөзмө беттешке чыгат. Беттеш ар бири эки мүнөттөн болуп сегиз раундга чейин созулат. Боксчулар рингге шлемсиз чыгышат.