Министр Кайрат Иманалиев Түркиянын маалымат министри менен жолукту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Анкарада Түркиянын маалымат министри Фахреттин Алтун менен жолукту. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда маалымат айдыңындагы кызматташуунун жаңы келишимине кол коюу сунушу берилди. Мындан тышкары тараптар кино жана сериалдарды алмашуу аркылуу эки өлкөнүн коомчулугун кызыктуу жана пайдалуу контент менен камсыз кылуу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Фахреттин Алтун жакынкы арада медиа кызматташуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Бишкекте ТРТ каналынын кеңсесин ачуу демилгесин сунуштады. Ошону менен катар Кыргыз-Түрк "Манас" университети билим берүү жана маданий чөлкөмдө маанилүү кызмат өтөрүн белгилеп, бул багытта орток долбоорлор боюнча кызматташууга даяр экенин кошумчалады. Фахреттин Алтун аталган университеттин камкорчулар кеңешинин төрагасы катары бардык тараптан тыгыз иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Кайрат Иманалиев Алтундун сунуштарына пикир калтырып, кызматташуунун эффективдүү жолдорун айтуу менен жолугушуу жыйынтыкталды.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда буга чейин КТРК жана ЭЛТР каналдарынын кызматкерлеринин ТРТга тажрыйба алмашып келген телерадио кызматкерлери үчүн мүмкүнчүлүк кайрадан улана тургандыгы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан