Адамзат банансыз калышы мүмкүн: Кооптуу козу карындын айынан плантациялар жабылууда

Банан дүйнө жүзүндөгү өтө кооптуу козу карындын көбөйүп кеткенинен улам жок болуу коркунучунда турат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Tropical Race 4 (TR4) илдети 20-кылымда Азияда жана Австралияда жайыла баштап, биринчи жолу 2019-жылы бананды дүйнө жүзүнө эң көп экспорттогон Түштүк Америкада табылган. Мындан улам Колумбия менен Гондураста плантациялардын иши токтогон. Бул илдеттен дүйнөлүк банан соодасынын 95 пайызын түзгөн Кавендиш сорту жабыркаары белгилүү болгон.
Кооптуу козу карындар эч кандай химиялык заттардын таасирине кабылбайт жана козу карын чыккан топурактар 30-40 жылга чейин иштетүүгө жараксыз болот. Адистердин айтымында, дыйкандын таманындагы булганган топурактын кичинекей бөлүкчөсү дагы инфекцияны жайылта алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rachki
2021-04-14 13:17:30
Жаман болуптур, ушул эле жетпей жатты эле
+2
Chungyz
2021-04-14 13:33:45
Сабиз жейбиз эми айла жок
+12
Ozgocho111
2021-04-14 13:44:28
Мейли эми илгери банан жебей эле жургонбуз, негизгиси ковид жок болсунчу
+6
sainazarov0555
2021-04-14 13:47:04
Адамзат банансыз калышы мумкун десе, мен башка бананды ойлоп алыпмын :)
-7
bond02
2021-04-14 14:36:50
Банан кымбаттайт деген белги го.
+3
alym21
2021-04-14 16:07:23
Банандардын ковиди экен да бул
+2
AykaMer
2021-04-15 10:29:20
Примьмер министр айтмакчы бирөөнүн бананын жеп аларды байытканча, өзүбүздүн бадырын,сабизди жегиле өзүбүздү өзүбүз байыталы дегендей...Туура банансыз эле чоңойгонбуз.Сиңдим ичинен кыпкызыл кан чыкты дегенден тарта вообще албайм бананды,балдарыма да жедирбейм. Негизи эле жактыра бербейм
0
Nuri1988Elim2010
2021-04-15 12:33:11
AykaMer,ошол чын бекен аа?
Биз банансыз эле чоңойгонбузго, андан көрө өзүбүздүн натурал нерселер бизден койбосун, каймак сүт айран кымыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан