SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүн ырчы Нуркыз Кожонованын "Ата-энеме" аталышындагы жаңы клиби толуктады. Үй-бүлөсү менен Казакстанда жашап жаткан ырчы Бишкек шаарына келгенде клип тарттырып кеткен. Клипке актриса Альбина Имашова үч кызы менен тартылган.
"Ата-энем" деген ырды турмуш жолуна аттанып жатканда жаздырып, аткаргам. Кийинчерээк Бек Осмонов деген иним экөөбүз клипти тартууну сүйлөштүк. Казакстандан келгенде 4 күн ичинде клипти тарттык.
Тартуу учурунда балам ыйлап, чочуркап жатканы бир аз кыйынчылыкты жаратты. Анын үстүнө балама тиш чыгайын деп жаткан. Мен клипке тартылып жатканда уулумду курбу кызым карап турду. Клипте актриса Альбина Имашова үч кызы менен роль жаратты. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев атанын образын жаратты", - дейт ал.
Нуркыз Кожонованын "Ата-энеме" клибин көрүү үчүн шилтеме.