Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-октябрда Нарын облусунда иш сапары менен жүрөт. Ак-Талаа районунда шайлоочулар менен жолугушкан өлкө башчы парламенттик башкаруу формасын колдой турганын билдирди. “Парламентти таркатуу керектигин айткандар болууда. Жогорку Кеңештин "устукан" бөлүштүргөнү мага деле жакпайт, бирок Конституция боюнча Кыргызстан -парламенттик республика. Мен мыйзамды сактабасам, анда ким сактайт?" - деди президент. Бул системдин жакшы жагы да, жаман жагы да бар экенин айткан Атамбаев парламентте бардык маселелер ачык талкууланып жатканын кошумчалады.