"Искусство менен табият айкалышып...". Дүйнөдөгү суу алдындагы эң кооз музейлер

Деңиздин түбүндөгү табигый жашоо менен көркөм чыгармаларды бири-бири менен айкалыштырган көптөгөн суу алдындагы музейлер бар. Бул музейлердин көпчүлүгү деңиздердеги экологияны коргоону максат кылып, суу астында жашаган жаныбарларды тааныткысы келет. Музейлердин айрымдарында жүздөгөн айкелдер атайын кол менен жасалып орнотулса, калгандарында чөгүп кеткен байыркы шаарлардын калдыктары жайгашкан.


Мексика. Канн музейи
Мексиканын Канкун жана Мухерес аралдарынын ортосунда жайгашкан Канн музейинде британиялык Жейсон деКайрес Тейлор баш болгон скульпторлордун 500дөн ашуун айкелдери жайгашкан. Ошондой эле ал дүйнөдөгү эң чоң суу алдындагы музей катары да белгилүү.

Музей акваланг менен сууга секирген адамдарды суу астындагы табигый коралл рифтеринен алыстатып, алардын көңүлүн айкелдерге буруу менен табияттагы тең салмактуулукту сактоо максатында курулган. Мындай инновациялык экотуризм ыкмасы жыл сайын жүздөгөн туристтерди өзүнө тартып, чындыгында өзгөчө экенин далилдеп келет. Музейдин терең жерлерин акваланг менен сүзүп көрүүгө болот. Ал эми тайызыраак жерлердеги галереяларды снорклинг менен же атайын көз айнек менен көрүшөт.


Испания. Лансароте атлантикалык музейи

Канкундагы музейден шыктанган жаратуучулар Лансаротени ачышкан. Бул музей Европада курулган суу алдындагы биринчи заманбап көркөм сүрөт музейи. 300гө жакын айкел жайгашкан бул музейдеги эмгектер дагы Жейсон деКайр Тейлорге таандык. Айкелдер экологиялык жана социалдык аң-сезимди жогорулатуу менен бирге деңиз жандыктары үчүн жаңы жашоо мейкиндиктерин түзгөн. Скульптуралык инсталляциялар Плайя Бланканын тайыз сууларынын астына көрүүгө ыңгайлуу абалда орнотулган.



Гренада. Молинере айкел паркы
2006-жылы ачылган Молинере суу астындагы айкел паркы дүйнөдөгү эң биринчи суу астына курулган музей жана идея кайрадан эле Жейсон деКайрес Тейлорго таандык. 70тен ашуун скульптураларды Гренада деңизинин түбүнө коюу менен жасалган бул музейдеги эмгектер деңиз жандыктарына аяр мамиле кылуу менен аларды сактап калуу үчүн туруктуу аянтча катары кызмат кылып келет. Ошондой эле айкелдердин өзгөчө текстурасы тирүү кораллдарды кармоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Кариб деңизиндеги музейдин эң белгилүү эмгектеринин катарына кол кармашкан ар кандай этностук топтордогу балдардын айкелдери жана столдо отурган жазуучунун эстелиги кирет.

Индонезия. Гили Мено айкелдери
Индонезиянын тунук суулары менен курчалган Гили аралдарынын эң кичинекей бөлүгү Гили Менонун жээгинен алыс эмес жерде жайгашкан суу астындагы айкелдер Жейсон де Кайрес Тейлордун эмгектери. Музей Гили аралындагы "BASK" аттуу эко-мейманкананын каржылоосу менен жасалган. Nest деп аталган бул инсталляция суу ташбакалары, тропикалык балыктардын жана маржандардын арасына сүңгүү үчүн келгендерге таптакыр башка дүйнөгө түшкөндөй болушат. Бул жерде 48 скульптура бар.



Италия. Байя суу астындаы паркы
Италияда Неаполь булуңунун түндүк-батыш жээгинде жайгашкан Байя сейил багындагы айкелдер башкаларга окшоп деңиздин түбүнө атайын коюлган эмес.

Италиянын Атлантидасы катары таанымал Байя суу алдындагы паркына келгендер байыркы Рим шаарынын урандыларын көрө алат. Өз мезгилинде дарылоочу ысык булактары менен белгилүү болгон бул шаар жанар тоолордун айынан суу астында калган. Байя бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү сейрек кездешүүчү археологиялык парктардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-04-14 23:55:32
Эн сонун корунуш. Искусство - адамдагы бийликтин эң жогорку көрүнүшү. Искусство - бул эл жонундо кабар берип бурат. Искусство - бул адамзаттын абийири.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан