Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 2 жашар бала дайынсыз болуп изделип жаткан. Буга чейинки издөө иштери натыйжасыз болуп, издөө бүгүн, 14-апрелде дагы улантылып жатат.
Издөө иштерине жалпы 19 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары 5 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды. Кошумча маалымат берилет дешти мекемеден.