Орусиялык ырчы Валерий Меладзе жана "ВИА Гра" тобунун экс-мүчөсү Альбина Жанабаеванын үчүнчү наристеси жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жанабаева Москвадагы клиникалардын биринде көз жарган. Бул жолу түгөйлөр кыздуу болушту.
Ырчынын кош бойлуулугу март айында белгилүү болгон. Ал өзүнүн Инстаграм баракчасында үй-бүлөгө келечектеги толуктоо жөнүндө жарыя кылган.