Ысык-Көл. Кыргыз Эл акыны Эргешбай Узакбаевге арналган мемориалдык тактай ачылат
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Кыргыз Эл акыны Эргешбай Узакбаевдин өз үйүндө мемориалдык
тактайчанын ачылышы болот. Иш-чарага акындын замандаштары,
калемдештери жана чакырылган коноктор катышат.
Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Азамат
Чыныбаев билдирди. Иш-чара эртең, 18-октябрда болот.