Өзбекстандын алгачкы президенти Ислам Каримовдун небереси Мариам Тилляева белгилүү блогер Амиран Сардаровго турмушка чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазышууда.
Маалыматта жазылгандай, эки жаштын үлпөт тою Лас-Вегаста жакындарынын жана досторунун катышуусунда өткөн.
Мариям - Ислам Каримовдун эң кенже мураскору Лола Каримованын кызы. Ал АКШга 14 жашында окуу максатында барган. Мариам Тилляева Амиран Сардаровдон 13 жашка кичүү экендиги жазылат маалыматта.