Байден Путинге жакынкы апталарда жолугушууну сунуштады

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын лидери Владимир Путинди жакынкы апталарда жолугушууга чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Блинкен белгилегендей, Вашингтон Москва менен туруктуу жана алдын ала божомолдонгон мамилени жактырат, ал үчүн ачык байланыш линиялары талап кылынат. Ал ушинтип АКШ Орусиянын аракеттерине болгон көз караштары, саясаты жана каршылыктары жөнүндө так сүйлөй алат деп белгилеген. Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк туура эмес эсептөөдөн алыс болуу үчүн маанилүү.

"Кечээ Байден Путинге телефон чалып, жакынкы апталарда жолугушууну сунуш кылганда, муну көрүүгө болот", - деген мамлекеттик катчы.

13-апрелде Байден Путинге чалып, үчүнчү өлкөнүн аймагында жолугушуу өткөрүүнү сунуштаган. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө лидерлери мамлекеттердин ортосундагы мамилелерге байланыштуу бардык актуалдуу маселелерди талкуулай тургандыгы күтүлүүдө. АКШнын президентинин пресс-катчысы Жен Псаки саммит ушул жайда өтүшү мүмкүн экендигин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barsbegKG
2021-04-15 12:29:40
Жолугушуу Батыш Европада болот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан