Японияда адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берген Коко аттуу мышык Тояма префектурасында полиция бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы улгайган адам канализациялык арыкка түшүп кеткен. Коко анын жанына отуруп, сууну карай берген, ошентип мышык ээсине жыгылган кишини көрүүгө жардам берген.
Бул аракети үчүн полиция Кокого мактоо баракчасын тапшырып, полиция формасын кийгизген. Мындан тышкары Коко бир күнгө полиция бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган. Мышык мектеп окуучулары үчүн жол кыймылынын коопсуздугу боюнча сабактарга катышып, сыяга колун малуу менен документке кол койгон.