Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылбайт

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылбайт. Бул тууралуу Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, шайлоого катышкан партиялар 50 миң сомдон күрөө акысын төлөшкөн.

"Мыйзамга ылайык, 15 пайыз же андан көп добуш топтогон партияларга гана күрөө акысы кайтарылат. Бул шайлоодо бир дагы партия ал чекке жеткен жок. Буга байланыштуу 25 партиядан чогулган 1 миллион 250 миң сом күрөө акчасы шаардык бюджетке которулат", - деди Маматов.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум 11-апрелде өттү. Бишкек шаардык кеңешине 25 партия катышып, 6 партия алдын ала эсеп боюнча 7 пайыздык чектен өткөн. Расмий жыйынтык бюлеттендерди кол менен эсептеп чыккандан кийин чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан