Дубайда жылаңач сүрөткө түшкөн кыздар камакка алынып, түрмөдөгү жашоолору жөнүндө айтып беришти

Бириккен Араб Эмирлигинде жылаңач болуп фотосессияга катышкан эки кыз социалдык тармактардагы өздүк баракчаларына Дубайдын түрмөсүндөгү күндөрү тууралуу айтып беришкен. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Алардын айтымында, алар күнөөлөрүн моюнуна алгандан кийин, сегиз күн темир тор артында отуруп чыгышкан.

"Бизди экинчи кабаттагы караңгы бөлмөгө алып барышты. Бул бөлмөгө өзгөчө кооптуу адамдар кирери белгилүү болду. Биринчи түнү биз эмне болуп жаткандыгын түшүнгөн жокпуз. Эртең мененкиге чейин тамак берилбеди. Таңкы саат 04:00дө тамактануу үчүн ойготушту. Алар бизге сыр, лаваш, кыям жана чай беришти, - деген алар.

Кыздар түрмөдө жарым саат сайын ойгонуп, уктай албай чыгышкан. Ошол учурда алар жакындары менен байланыша алган эмес. Алардын телефондорун өз өлкөлөрүнө кайткандан кийин беришкен.

Кыздар бул окуя аларга чоң сабак болгонун, мындан кийин бара турган өлкөлөрдүн мыйзамдарын окуй тургандыктарын, бирок БАЭге дагы барышы күмөн экендигин белгилешти.

Эске салсак, Дубайдын Марина аймагында асман тиреген имараттын балконунда жылаңач болуп сүрөткө түшкөн кыздар коомдук бузукулукка айыпталып кармалган. Кыздар Орусиянын, Украина, Молдавия жана Беларустун жарандары экендиги белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-04-15 18:02:00
Тамакда бербей койбоптур,жыланачтантып чуркатып ойнотпоптур,обу жоктор.
+5
Asmat84
2021-04-15 18:54:06
Туура кылыптыр түрмөдөгү ач борулорго жылаңач салып беришпептир дагы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан