Алмазбек Атамбаев: "Президенттик мөөнөтүмдүн бүтүшүнө 4 жыл 1 ай 13 күн калды"
Кыргызстанда "Түндүк-түштүк"
кошумча унаа жолунун курулушу 2014-жылы башталат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 17-октябрда Нарын облусундагы иш сапарында
билдирди. "Карызга батып жатып жол куруунун кереги жок дегендер бар. Төө-Ашуудагы
жол кыймылынын татаалдыгын жакшы билебиз. Жолдун курулушу 2014-жылы башталат. Мен президенттик шайлоонун алдында
альтернативдик жол курула турганын айткам. Президенттик мөөнөтүмдүн бүтүшүнө 4 жыл 1
ай 13 күн калды. Бул мөөнөт аяктаганча аталган жолду куруп бүтүрүүгө аракет кылам",- деди Атамбаев.