Чүйдө "Коопсуз шаар" көчмө Автопатруль-Радар аппараттык-программалык комплексин унаасы менен сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 15-апрелде саат 15:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында Бообек айылынан, Кемин районунун 37 жаштагы тургуну өзүнө таандык кара түстөгү жол тандабас унаасы менен "Коопсуз шаар" көчмө "Автопатруль-Радар" аппараттык-программалык комплексин сүзүп, тебелеп белгисиз тарапка качып кеткен.
Жогорудагы автоунаа изи сууй электе Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып айып короосуна киргизилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Белгилей кетсек, көчмө Автопатруль-Радар аппараттык-программалык комплексин наркы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзөт.