Орусияда шаардык кеңештин депутаттарына таандык унааларды өрттөп кетишти

13-апрелге караган түнү Орусиянын Амур облусунун Белогорск шаарында белгисиз адамдар 2 унааны өрттөп жиберишкен. Унаалар шаардык кеңештин депутаттарына таандык болгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кырсык тууралуу билдирүү жергиликтүү убакыт боюнча 13-апрелге караган түнү саат 3:23 чамасында түшкөн. Жерине тогуз өрт өчүрүүчү жана эки техника жөнөтүлгөн.

Амур облусунун прокуратурасы эки унаа тең Белогорск шаардык кеңешинин депутаттарына таандык экендигин билдирген. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 2-бөлүгүнүн (мүлктү атайылап өрттөп жок кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyke
2021-04-16 05:03:22
Туура кылат иштебесе ошентип жазалаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан