Түркмөнстанда унаалардын сырткы көрүнүшүнө жаңы талаптар киргизилди. Жаңы эрежелердин катарында - транспорттук каражаттардын бардык бөлүктөрү, анын ичинде заводдук бөлүктөрү да ак түстө болушу керек. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын жазганына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, унааларга карата жаңы талаптар апрель айында белгилүү болуп, мамлекеттик мекемелердин балансында турган унааларды массалык техникалык кароодон өткөрүү башталган.
Эми мамлекеттик мекемелердин бардык унаалары, анын ичинде автобустар, маршруттук таксилер, жеңил унаалар, почта транспорту толугу менен ак түстө болушу керек. Буга чейин мындай талап менчик унааларга гана тиешелүү болгон.
Маалым болгондой, унаада күңүрт түстөгү бөлүктөр болсо, техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктөн баш тартышат. Унаа тетиктерин ак түскө боёодо талаптардын тизмеси көбөйөт.
Эгерде кимде ким бул талаптарды аткарбаса, айдоочуга айып пул салынат жана унаасы айып короосуна токтотулат.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын январь айында Түркмөнстанда кара түстөгү унааларды эксплуатациялоого тыюу салуу чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу кара түстөгү унааларды полиция кызматкерлери көчөдө токтоп турган жеринен эле камакка алышып, эвакуатор менен айып аянтчасына жеткиришкен.
Ошондой эле маалыматта кара түстөгү унааларга салынган тыюудан улам Түркмөнстанда унааларды башка түскө боёо эки эсе кымбаттаган.
2019-жылы май айынан тарта полиция кызматкерлери түстүү жана күңүрт түстөгү унааларды токтотууну жана айдоочуларга айып пул салууну токтоткон. Бирок 2020-жылы кайра эле кара түстөгү унааларды камакка алуу жандандырылган. Жадакалса, дөңгөлөктөрү кара тегереги бар жеңил унааларды да айып төлөөчү жайга токтотушуп, ээлери айып пул төлөп, унаасын ак түскө боёого аргасыз болушкан.