Голливуд жылдызы Женнифер Лопес сүйүктүүсүнөн кол үздү

Голливуд жылдызы Женнифер Лопес сүйүктүүсү Алекс Родригес менен болгон сүйүү мамилесин расмий түрдө токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматта айтылгандай, 51 жаштагы Женнифер Лопес менен 45 жаштагы спортчу төрт жыл мурун таанышкан. Буга чейин алар үйлөнүү тойго камынып башташкан. Бирок мындан ары алар чогуу эместигин билдиришти.

"Биз жакшы достордон болуп калдык. Мындан ары да бири-бирибизди колдоону токтотпойбуз", - деп айтылат билдирүүдө.

​​2021-жылдын март айында жылдыздуу түгөйлөрдүн сүйлөшпөй калганы тууралуу кептер тараган. Лопес менен Родригес бул маалыматты четке кагып, баары жайында экенин айтышкан. Ага карабастан Женнифер Лопес турмушка чыгууга ниети жок экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-04-16 10:40:43
Буларга уйлонгон менен уйлонбогондун айырмасы деле жок да.Ар кимиси оз иштери менен алек болуп эки жакта каалагандай журсо...
+5
zhazgul98
2021-04-16 11:13:04
Адамдар бири-бирин сүйбөй калгандан кийин, алардан ажырашууга себеп болот. Өз ара сүйүүнү балдар бекемдейт. Адамдын үй-бүлөлүк тынчтыгын бири бирине ишенбөөчүлүк бузат. Үйдө бактылуу болгон адам жашоосунда да бактылуу.
-6
futboler
2021-04-16 12:28:32
zhazgul98, ар бир комментарийиңде Американы ачасың го карындаш
+2
KaGaH
2021-04-16 13:44:01
zhazgul98,акылдууусуна бербечи
+1
faraon312
2021-04-16 20:00:57
Булар кызыгы кеткенден кийин эле жаңы сүйүү таба беришет экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан