Москвадагы китепканалардын бирине Ч.Айтматовдун эстелиги коюлат

Москва шаарынын М.И.Рудомин атындагы чет өлкөлүк адабияттар китепканасына 24-октябрь күнү Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулат. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Эстеликти орусиялык скульптор Георгий Франгулян жасады. Эстеликтин ачылышы жазуучу Чыңгыз Айматовдун 85 жыл мааракесине карата болот. Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова, коомдук, саясий ишмерлер жана эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан