Дары чөптөр тууралуу китеп жазып, өз колу менен унаа жасап, министрлерди машыктырат. Түркмөн "Рембосу" атка конгон Гурбангулы Бердымухаммедовдун өнөрлөрү (видео)

2006-жылы Түркмөнстандын алгачкы президенти, түркмөн башы Сапармурат Ниязов каза болгондо аны жерге берүү зыйнатын уюштуруучу комиссияны жетектеген Гурбангулы Бердымухаммедов күтүүсүз жерден өлкөнүн эки чылбыр бир тизгинин өз колуна алып калган. Тактап айтканда, мыйзам боюнча өлкө башчынын милдеттери өтүшү керек болгон парламенттин төрагасы Овезгельды Атаевге күтүүсүз жерден кылмыш иши козголуп, Бердымухаммедов президенттин милдетин аткаруучу болуп калган. Ал 2007-жылы өткөн шайлоодо жеңип чыгып, расмий түрдө өлкөнүн экинчи президенти аталган. Ушул күнгө чейин Түркмөнстан мамлекетин башкарып келет. Бердымухаммедовдун түшүнүксүз чемдери, жосунсуз жоруктары менен бул макаладан тааныша аласыз.

Түркмөн элинин "таянар тоосу".

Аркадаг - Гурбангулы Бердымухаммедовдун расмий титулу. Түркмөн тилинен которгондо түз котормосу "арттагы тоо", мааниси "таянар тоо" болуп которулат. Айрым булактар бул сөздүн "тирек жана үмүт" деген мааниси да бар экенин айтышат. Аркадаг титулун түркмөн президенти 2010-жылы эгемендүүлүк күнүнө карата алган. Титулду жайылтуунун үстүнөн көптөгөн ырчылар, акын-жазуучулар, спортчулар, саясатчылар иштешкен. Ошол эле жылы ырчы Бегмырат Аннамырадов "Аркадагга даңк" аталышындагы ыры менен улуттук музыкалык конкурстун жеңүүчүсү аталган.

60ка жакын китептин автору

Аркадаг бош убактысында китеп жазууну жактырат. Анын бийликтеги 15 жылында бош убактысы 60тай китеп жазууга жетишкен. Алардын эң белгилүүлөрү "Ахалтекин жылкысы - биздин элдин сыймыгы", "Түркмөнстандын дары чөптөрү", "Түркмөнстан дени сак жана руханий байлыгы жогору элдин өлкөсү" деп аталган илимий китептер. Президент мындан сырткары бир нече адабий чыгармаларды жазууга жетишкен.

Мамлекет башчы жазган китептер ар кандай майрам күндөрдүн урматына мамлекеттик кызматкерлерге сыйлык катары берилет. Мындай китептерди алып жаткан ар бир адам китепти өөп, чекесине тийгизип тооп кылуусу шарт.

Обон созуп, музыкалык аспаптарда ойногонду жактырат

Бердымухаммедов ыр ырдап, музыкалык аспаптарда ойногонду да жактырат. Аркадаг майрам күндөрү элине музыкалык белектерди байма бай тартуулап турат. Ал аткарган чыгармалардын автору ким деп ойлойсуз? Албетте, көпчүлүк чыгармаларын өзү жазып, аткарып чыккан. Мисалы, "Ровач" аттуу кулунга арналган ырдын сөзүн президент өзү жазса, обону анын небереси Керим Бердымухаммедовго таандык.

Аркадагдын алабайга болгон сүйүүсү

Бердымухаммедовдун иттерге болгон сүйүүсүнө 60тай китебинин бири түркмөн алабайына арналганы, Ашхабад шаарында алтындан жасалган иттин эстелиги коюлганы күбө. Мындан тышкары президент өлкөдө алабай майрамын негиздеп, "Элдик ит багаар" жана "Эмгек сиңирген ит багаар" деген ардактуу наамдарды түзгөн. Ошондой эле түркмөн башчысы Орусиянын президенти Владимир Путинге жана премьер-министр Дмитрий Медведевге алабай породасындагы итти белекке берген.

Өзү чийген чиймелердин негизинде автоунаа жасап, жарыштарга катышат

Түркмөн башчысы спорттук автоунааларга болгон кызыгуусу менен да белгилүү. Бир нече унаа жарыштарына катышып, жеңүүчү аталган аркадаг 2018-жылы уулу Сердар менен биргеликте спорттук жол тандабасты чогултушкан. Кызыгы, унаанын чиймелерин да президент өзү чийген.

Унаа демекчи, Түркмөнстанда кара түстөгү унааларды колдонууга тыюу салынган. Мындай чечим унааларды башка түскө боёо акысын кескин жогорулашына алып келген.

Өзүңө сак бол...

2016-жылы түркмөн президенти Германияга расмий иш сапары менен барган. Иш сапардын алкагында канцлер Ангела Меркель менен биргеликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында Гурбангулы Бердымухаммедовдун чөйчөктөгү суусун күзөт кызматкерлери алмаштырып коюшкан. Бул кадам түркмөн аркадагынын көрсөтмөсү менен болгонбу же күзөтчүлөрдүн сактык эрежелериби белгисиз.

Аткаминерлерди машыктырып, аралыктан таамай аткан аркадаг

Президент өзүнүн гана эмес, аткаминерлердин да дени сак жашоосу үчүн кам көрөт. Ал жогорку кызмат адамдарын чогултуп алып, кантип туура машыгуу керек экенин өзү көрсөтүп берет. Мындан сырткары ал куралдуу күчтөрдүн окуу жыйындарына катышып, бутага таамай тийгизген көзгө атар мерген экендигин да бир нече жолу далилдеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Mubarak
2021-04-17 09:18:30
Бизге ушундай президент бербегенине шугур:)
+10
Aibek_eka
2021-04-17 13:27:41
Mubarak,биздикилер да калышпайт
+5
assanov97
2021-04-17 13:42:44
Mubarak,сaке ушуну турайм деп жатат
0
mariolan
2021-04-17 09:40:33
Илгерки хандар бул жакта эле калат
+3
zhazgul98
2021-04-17 09:56:38
Атак даңкы канчалык чоң болсо, ошончолук келесо болуп кетишет; жана бул жалпы эреже ушундай.
0
Flowhive
2021-04-17 10:48:42
Биздики деле дары ойлоп тапты го
+8
TIMON_BERKOWITZ
2021-04-17 15:01:13
Дуракам больше везет!
+3
Aidar.001
2021-04-18 01:08:03
Менин Айбек досума окшогон киши экен да, любой темадан чабак атат да, согуууш деп койсон боолду, каскасын кийип автоматын которуп окоптон чыгат
+6
nazira...
2021-04-18 10:12:04
Айланайыын универсал киши го, ошондо кылбаган неси калды? Айга же Марска учам дейби дейм да. Курган элинин шору, тооба. А мусулманчылык кылып, зекет берип, мечит салган бекен, эли үчүн не кылганы белгисиз да. Туркменияда жашабаганыма миң мертебе шүгүр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан