Өзбекстандын Эл артисти Мирзабек Азизов каза болду

Өзбекстандын Эл артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, мамлекеттик Мукими театрынын директору Мирзабек Азизов бүгүн, 16-апрелде 57 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёрдун өлүмүнүн себеби айтылган жок.

Мирзабек Азизов 1963-жылы 22-майда Наманган облусундагы Чуст шаарында туулган. 1987-жылы Искусство институтунун актёрдук бөлүмүн аяктаган. Азизов Юсуф менен Зулейхадагы Фараондун, Фархад менен Шириндеги Бахромдун, Нодирабегим музыкалык драмасындагы Мадалихандын, "Алпамыштын кайтып келиши" спектаклиндеги Алпамыштын образдары аркылуу көрүүчүлөрдүн сүйүүсүнө ээ болгон.

Актёр кыргыз журтчулугуна да кеңири таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Aman97kg
2021-04-16 16:01:35
Жакшы актёр еле
+10
Aman97kg
2021-04-16 16:01:46
Жаткан жери жаннатан болсун
+9
Nurmat8921
2021-04-16 16:05:46
Аллах күнөөсун кечирсин
+10
Omyke
2021-04-16 16:38:29
Озбек эле кунул айтам Топурагы торко болсун!
+4
Nur777
2021-04-16 17:37:55
Жаткан жери жайлуу болсун,бейишин берсин!
Мыкты актёр эле...
+8
Aybiyke
2021-04-16 18:16:10
Мен тааныбайт экенмин
0
samagankyzy
2021-04-16 18:55:17
Аябай чон талант эле ...
+9
Zumrudianka
2021-04-16 19:21:13
Жайы жаннаттан болсун жакшы актёр эле оз ролун мыкты аткарган.
+5
Zumrudianka
2021-04-16 19:24:34
Актёрдун уч аты бар экен да а, кайсынысы озунун чын аты? Мирзабек Миразбек Мырза. Мирзобек беле адашпасам
+2
Haanykeim
2021-04-16 19:39:45
Жаткан жери жайлуу болсун..Жакшы актёр эле...
+2
nazira...
2021-04-16 20:04:22
Самара ким менен иштешет эми.
+1
Akyl78.1501
2021-04-16 20:22:01
Ётган жойингиз жаннаттан булсин тога
+1
Water
2021-04-17 02:08:25
Аябай окунучтуу ролдорду мыкты денгээлде аткарат эле.Жайы жаннаттан болсун!
+1
Naku77
2021-04-17 09:22:59
Жайы жаннатта болсун
+1
Raik
2021-04-17 17:40:49
Аябай таланттуу актёр болчу. Канчалаган кинолорун көрүп чоңойдук. Бейишке кирсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан