Навальныйды колдогон ырчы концертин токтотууга аргасыз болду

Белгилүү "Ногу свело" рок-группасынын лидери, орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташы Максим Покровскийдин Сибирге пландалган концерттик туру болбой калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ырчы мунун себебин бийлик тарабынан концерт уюштуруучуларга коркутуп-үркүтүүлөр болгону менен байланыштырган.

"Аталган рок-группасы 25-апрелден 6-майга чейин Сибирь аймагындагы Омск, Новосибирск, Томск, Кемерово, Красноярск, Абакан жана Иркутск шаарларын кыдырып, концерт коюшмак. Максим Покровский концерттерге билеттер жакшы сатылганын белгиледи. Ырчы эми турду күз айына пландап жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Максим Покровский оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоп келген жана анын абактан бошотулуусун талап кылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан