Грузиянын борбору Тбилисиде куралчан белгисиз адамдар банкка кирип, кардарларды жана кызматкерлерди барымтага алышты. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
Белгилүү болгондой, грузин полициясы окуя болгон жерге барып, имаратты курчоого алышкан. Алар окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылышууда. Окуяга күбө болгондордун айтымында, имараттын аймагында ок атуу болгон жок.
Грузиянын Ички иштер министрлиги азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек. Куралчандардын жана барымтага алынгандардын так саны дагы белгисиз.
Бир ай мурун Грузия банкынын Зугдиди филиалына автомат жана граната менен куралданган адамдар кирип келип, 43 адамды барымтага алган. Алар жарым миллион доллар кун алып, из жашырып кетишкен.