"11:0". Айсулуу Тыныбекова төртүнчү жолу Азия чемпиону аталды

Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештеринин финалы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алды.

Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, анда монголиялык Болортуя Хурелху аттуу балбан менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгү 5:0 эсебинде Тыныбекованын жеңиши менен аяктады. Экинчи бөлүктө кыргыз балбаны дагы 6 упай ала алды. Муну менен жалпы эсеп 11:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону аталды.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүндө индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн кыргыз балбаны жеңүүчү аталган.

Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 11:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Үчүнчү беттешинде Тыныбекова түштүк кореялык Юнг Жин Квон аттуу балбан кыз менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө эле Айсулуу Тыныбекова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты.

Жарым финалда кыргыз балбаны өзбекстандык балбан менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен. Айсулуу азаматсың!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
MIRBOLOT
2021-04-16 19:23:35
Айсулууга мактагандан башка соз жок! Респект. Балбан кыз Токио олимпиада чемпиону болшунду тилейм.



+21
algakaray
2021-04-16 19:33:29
Ай жыргаттын да жыргаттын Айсулуу. Утту деп жанылык укканда чарчаганым жазылып, проблемаларым женилдей тушот да.
+21
nazira...
2021-04-16 19:57:00
Ой азамаааат, көз тийбесин. Эми Токиодо да ушундай утушка ээ болуп кел. Биздин сыймыгыбыз. Алга!
+20
Maku1
2021-04-16 20:30:34
Азамат! Сөз жок!
+14
Nagim
2021-04-16 20:35:42
Айсулуу Тыныбекова, Азамат, Куттуктайм жениши менен. Ура ура урааа
+14
Dembele84
2021-04-16 22:21:00
Токиодогу олимпиаданы утуп,анан турмушка чыксан арманда калбасан керек.Андан башка ута турган нерсе деле калбады.)))
+11
futboler
2021-04-16 22:31:40
Азаматсың Айсулуу.
+6
Nuuman
2021-04-17 01:43:28
Айсулуу ута берип уже ойлонбой калдым. Азыр барып барып утуп келет деп эле жүрөм. Эми токиодо ушундай результат көрсөт карындашым. Баракелде!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан