Кыргыз өлкөсүнүн Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Бактыбек Аманбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин Бактыбек Аманбаев SUPER.KG порталына бул боюнча сунуш түшкөнүн ырастаган.